Аймактарда 9 жаңы бала бакча ачылат

Билим
Аймактарда 9 жаңы бала бакча ачылат
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликте бала бакчалар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо жана мектепке чейинки 128 топко керектелүүчү эмеректердин техникалык талаптарын талкуулаган ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.

Жыйында жайлардын коопсуздук талаптарына шайкештиги жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык эмеректерди тандоо маселелери каралды.

Бул иштер Дүйнөлүк банктын "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, аймактарда мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.