Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында 50 орундуу бала бакча курулууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 28,8 млн сомго бааланган.
Имараттын жалпы аянты 369 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы аткарылды. Бала бакчада балдар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.