Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Калкагар айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу уланууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 127 млн сомду түзөт.
Мектептин курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын чатыры жабылып, шыбак иштери аяктады.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 миң 336 чарчы метрди түзөт. Имаратта предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы каралган.