1-декабрдан тарта милиционерлердин маяна-пенсиясы жогорулайт

Коом
1-декабрдан тарта милиционерлердин маяна-пенсиясы жогорулайт
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 1-декабрдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арналган салтанатта айтты.

Мамлекет башчысы акыркы алты жылдан бери ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртууга жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө милициянын 102 жылдыгына карата 102 жаңы унаа тапшырылып, өлкө боюнча ички иштер органдарынын 42 жаңы имараты пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ачылды.

Президенттин айтымында, бул иштер "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.