Президент ИИМдин жаңы имараттарынын ачылышына катышып, 102 унаа тапшырды

Президент
IMG_4715.jpeg
IMG_4714.jpeg
IMG_4713.jpeg
IMG_4712.jpeg
IMG_4711.jpeg
IMG_4710.jpeg
IMG_4709.jpeg
IMG_4708.jpeg
IMG_4705.jpeg
IMG_4706.jpeg
IMG_4707.jpeg
IMG_4704.jpeg
IMG_4718.jpeg
IMG_4716.jpeg
IMG_4719.jpeg
IMG_4717.jpeg
IMG_4720.jpeg
IMG_4721.jpeg
IMG_4722.jpeg
IMG_4723.jpeg
IMG_4724.jpeg
IMG_4725.jpeg
IMG_4726.jpeg
IMG_4727.jpeg
IMG_4728.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4715.jpeg
IMG_4714.jpeg
IMG_4713.jpeg
IMG_4712.jpeg
IMG_4711.jpeg
IMG_4710.jpeg
IMG_4709.jpeg
IMG_4708.jpeg
IMG_4705.jpeg
IMG_4706.jpeg
IMG_4707.jpeg
IMG_4704.jpeg
IMG_4718.jpeg
IMG_4716.jpeg
IMG_4719.jpeg
IMG_4717.jpeg
IMG_4720.jpeg
IMG_4721.jpeg
IMG_4722.jpeg
IMG_4723.jpeg
IMG_4724.jpeg
IMG_4725.jpeg
IMG_4726.jpeg
IMG_4727.jpeg
IMG_4728.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы административдик имаратынын, ошондой эле өлкө боюнча Ички иштер министрлигинин тутумундагы 42 объектинин ачылышына катышты.

Иш-чара кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгынын алкагында өткөрүлдү.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы ички иштер органдарынын бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды куруу жана автоунаа паркын жаңылоо “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү милиция ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин катышуусунда онлайн форматта өлкөнүн аймактарындагы ИИМдин 42 объектиси ачылды. Алардын катарында райондук ички иштер бөлүмдөрү, шаардык милиция бөлүмдөрү, бала бакча жана башка объектилер бар.

Андан соң мамлекет башчысы Бишкек ШИИБ Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы үч кабаттуу административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Имаратта кызматкерлердин ишин уюштуруу жана күнүмдүк кызмат өтөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Бул жерде “Санариптик кайгуул” борбору, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казармалык жайлар жана кызматтык бөлмөлөр жайгашкан.

Ачылыш аземинен кийин Садыр Жапаров ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Андан соң президент полктун аймагы менен таанышып, футбол талаасын, автоунаа паркын, кызматтык жана атайын техникаларды көрүп чыкты. Түзүлгөн инфраструктура кызмат өтөө, кызматкерлердин дене даярдыгын колдоо жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлерине 102 жаңы унаа, анын ичинде кайгуулдук унаалар жана атайын техника тапшырылды.