Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы сууга түшүп кеткен баланы куткарып калган борбор калаанын тургуну Бекен Асанбековго ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын балага жардам берип жаткан видеосу социалдык тармактарда кеңири тараган. Видеодон жарандын өз убагында жасаган аракетинин натыйжасында бала аман калганын көрүүгө болот.
Милиция жарандарды бири-бирине жардам берүүгө чакырып, өзгөчө кырдаалдарда өз коопсуздугун да эске алуу жана тиешелүү кызматтарга кабарлоо зарылдыгын эскертти.