Касымалиев: Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге жогорулады

Министрлер кабинети
Касымалиев: Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге жогорулады
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Биздин негизги максат – мыйзамдуулукту бекем сактаган, жарандардын ишенимине ээ болгон жана коомдун коопсуздугун ишенимдүү камсыз кылган заманбап укук коргоо системасын калыптандыруу. Дүйнөдөгү кырдаалдын туруксуздугу күчөгөн шарттарда,  өлкөбүздөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселесин натыйжалуу чечип келесиздер. Заманбап билимди, ыкчамдыкты, жогорку технологиялык даярдыкты жана кесиптик чеберчиликти талап кылган татаал жана түйшүктүү иштерди кыргыз милициясы татыктуу аткарып келет.

Акыркы жылдары жалпы коом, укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулукка катуу сокку урулуп, уюшкан кылмыштуулукту, коррупцияны тамырынан бери жулуп салууга багытталган натыйжалуу аракеттер болду. Саясий күчтөрдүн ортосунда консенсус болуп, саясий күчтөрдүн толкундоолору жоголуп, криминалдарга гана көңүл буруп иштегенге шарт түзүлдү.

Өлкөбүздүн экономикасында жогору темптеги өсүштүн натыйжасында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлерди социалдык жактан колдоого, алардын кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга ресурстар пайда болду. Акыркы төрт жылда министрликтин автопаркы 95 пайызга жаңыланып, бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай багыттагы  объекттер курулуп ишке киргизилди. 

Калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө ылайыкташкан Милициянын көчмө кабылдамалары, Санариптик эксперттик борборлор пайдаланууга берилди. Өлкө боюнча  10 миңден ашуун видео-камера орнотулду. Натыйжада өткөн жылдарга салыштырмалуу кылмыштуулуктун катталуусу 78 пайызга азайып, одоно тартип бузуулар 69 пайызга төмөндөгөн.

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге, ал эми алыскы Баткен жергесиндеги кызматкерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады. Ал эми 2021-2026-жылдар аралыгында 724 милиция кызматкери батир менен камсыз кылынды. 

Бүгүнкү салтанаттуу күнү милиция ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин тажрыйбаңыздар, жаш кызматкерлерге берген насааттарыңыздар милициянын салттарын сактоодо жана кийинки муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо зор мааниге ээ. 

Урматтуу милиция кызматкерлери!

Баарыбызды алдыда замандын чоң сыноолору күтүп турат. Элибизде тартип болсо, ар бир жарандын укугу сакталса, анда ынтымак, биримдик болуп, биз бардык кыйынчылыктарды жеңебиз. Ушул иште жогорку кесипкөйлүктү жана кызматтык жоопкерчиликти бекем карманып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө мындан ары да татыктуу салым кошосуздар деп терең ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана жооптуу кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм. 

Мамлекетибизде ар дайым тынчтык жана туруктуулук өкүм сүрүп, элибиздин биримдиги бекем, мамлекетибиздин келечеги кең болсун! Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”, - деди Адылбек Касымалиев.