"Жыргалаң" санаторийинин кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы "Жыргалаң" санаторийинин кызматкерлеринин айлыгы жыл аягына чейин жогорулатылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев кызматкерлер менен жолугушууда билдирди.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылы да айлык акыны көтөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, санаторийде жалпы аянты 2 872,9 чарчы метр болгон үч кабаттуу мончо комплекси курулууда. Анда дарылоочу ванналар, массаж кабинеттер, SPA-зоналар жана эс алуу жайлары каралган. Комплексти ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, санаторий президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөндөн кийин жаңылоо иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн шарттар жакшыртылган.