Унааны онлайн каттоо жеңилдейт: Эми документтер үйгө жеткирилет

Коом
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Каракол шаарындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүмүн пландан тышкары текшерди.

Башкармалыктан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө ал жарандарды тейлөө шарттары, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн өткөрүлгөн экзамендердин уюштурулушу жана бөлүмдүн иши менен таанышты. Ошондой эле кызмат алууга келген жарандар менен баарлашып, алардын пикирлерин укту.

Маалыматка ылайык, учурда Караколдо унаасын кайра каттаткан жарандардын 90 пайыздан ашыгы "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн кызматты пайдаланышат. Алар мамлекеттик номердик белгилерди жана каттоо күбөлүгүн алуу үчүн гана бөлүмгө келишет.

Каныбек Туманбаев жыл аягына чейин мамлекеттик номердик белгилерди жана каттоо күбөлүктөрүн үйгө жеткирүү кызматын ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бул кызмат ишке кирсе, унааны кайра каттоо толугу менен онлайн жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Туманбаев бөлүмдүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки кабаттуу имаратын көрүп чыкты. Учурда мекеме күнүнө орточо 200гө жакын жаранды тейлейт.