Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда курулуш ишмердигине лицензияны бир күндүн ичинде онлайн алууга болот. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мыйзам боюнча курулуш лицензиясын сатууга жана башка жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Лицензия мөөнөтсүз берилет жана ажыратылгыс болуп саналат.
Министрлик жарандарды жана ишкерлерди ортомчуларга кайрылбоого, лицензия сатып алуу боюнча шектүү сунуштарга ишенбөөгө чакырды.
Лицензия алуу үчүн документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот. Тартиби жана керектүү документтер тууралуу маалыматты (0312) 31 29 77 номери аркылуу алууга мүмкүн.