Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-туристтик кластеринин биринчи этабынын алкагында жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн 6 асма жол ишке берилет. Бул тууралуу долбоордун өкүлү Аскат Чолпонбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Жыргалаң өрөөнүндө жайгашкан долбоордун биринчи этабы үч баскычтан турат.
"Учурда инфраструктуралык курулуштар жүрүп жатат. Алгач эки асма жол ишке киргизилсе, эми дагы төрт асма жол кошулууда. Жаңы жолдорду 20-ноябрга чейин пайдаланууга берүү пландалууда", - деди ал.
Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабын 1-декабрда ачуу каралган.