Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?

Туризм
Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

“Ала-Тоо Резорт” долбоору Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кышкы туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнү эл аралык туристтик борборлордун бирине айлантууга багытталган. Анын ишке ашуусу экономикага кандай пайда алып келет, жергиликтүү калк үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана долбоордун ийгилиги эмнеден көз каранды? Бул тууралуу адистердин пикирин сунуштайбыз.

Долбоордун негизги максаты эмнеде?

“Ала-Тоо Резорт” ААКсы башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев белгилегендей, долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын туристтик потенциалын ачуу, өлкөнү Борбор Азиядагы жана эл аралык деңгээлдеги ири туристтик борборлордун бирине айландыруу. Ошондой эле өлкөдө жыл бою иштеген заманбап туристтик инфраструктураны түзүү болуп саналат.

Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?

Анын алкагында Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактары бирдиктүү туристтик кластерге бириктирилет. Бул жерде жалпы узундугу 250 чакырымды түзгөн лыжа трассалары, заманбап асма аркан жолдору, мейманканалар, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо борборлору курулат.

“Мындай масштабдагы инфраструктура Кыргызстандын кышкы туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Эң негизгиси, биз чет өлкөлүк туристтерди гана эмес, ички туристтерди да жылдын төрт мезгилинде кабыл ала турган шарттарды түзүп жатабыз. Бул долбоор Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик картадагы ордун бекемдеп, өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатууга чоң өбөлгө болот”, - дейт ал.

Миңдеген жумуш орундары түзүлөт

Кеңешчинин айтымында, долбоор толук ишке ашканда Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген ири тоо туристтик кластери түзүлөт. Ал жылына 2 миллиондон 4 миллионго чейин туристти кабыл алууга ылайыкталат. Бул көрсөткүч өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүүгө жана кышкы туризмдин популярдуу багыттарынын бирине айландырууга мүмкүнчүлүк берет.

Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?
“Ошондой эле долбоордун алкагында мейманканалар, ресторандар, SPA-комплекстер, эс алуу борборлору, спорттук жана көңүл ачуучу объекттер курулат. Бул туристтер үчүн кеңири кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого шарт түзөт. Мындан тышкары, курулуш учурунда жана объекттер ишке киргенден кийин миңдеген жумуш орундары түзүлүшү күтүлөт. Айрыкча мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, транспорт, соода, гиддик кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот”, - деп белгиледи Чолпонбаев.

Өлкө экономикасына кандай пайда алып келет?

Аскат Чолпонбаев билдиргендей, долбоор Ысык-Көл облусунун жана жалпы Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени мындай ири туристтик кластер аймактын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатып, жаңы инвестицияларды тартууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

“Биринчиден, жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундары пайда болот. Экинчиден, чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мисалы, мейманкана, ресторан, кафе, транспорт, туристтик кызмат көрсөтүү, кол өнөрчүлүк, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана сатуу тармактарында иш алып барган ишкерлердин кардарлары көбөйөт.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар өздөрүнүн конок үйлөрүн, тамактануучу жайларын жана башка туристтик кызматтарын өнүктүрө алышат. Туристтердин агымынын көбөйүшү аймактагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талапты жогорулатат.

Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?
Долбоордун дагы бир маанилүү артыкчылыгы — негизги инфраструктура мамлекет тарабынан каржыланат. Тактап айтканда, жолдор, электр энергиясы, таза суу, интернет, лыжа трассалары жана асма аркан жолдору курулат.
Экономикалык эсептөөлөр боюнча, долбоор ишке киргенден кийин мамлекеттик бюджетке жыл сайын болжол менен 146 миллион евро салык түшүүсү күтүлүүдө. Бул өлкөнүн бюджеттик кирешелерин көбөйтүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошот. Демек, долбоордун пайдасы бир гана Ысык-Көл облусу же туристтик кластер менен чектелбестен, бүтүндөй мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизет”, - дейт кеңешчи.

Экологиялык коопсуздук жана жаратылышты сактоо

Чолпонбаев экологиялык коопсуздук жана жаратылышты сактоо маселелери башкы багыт экендигин белгилейт.

“Албетте, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты сактоо — “Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү багыттардын бири. Биздин башкы байлыгыбыз Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы. Ошондуктан туристтик инфраструктураны өнүктүрүү менен бирге тоолуу аймактардын экологиялык тең салмактуулугун сактоо зарыл.
Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?
Объекттерди курууда эл аралык экологиялык жана сапат стандарттарын жана талаптарын колдонуу каралган. Бул стандарттар имараттардын энергияны үнөмдүү пайдалануусуна, суу ресурстарын сарамжалдуу колдонууга жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган.
Мындан тышкары, курулуш иштеринде экологиялык талаптарды сактоо, таштандыларды туура башкаруу, суу ресурстарын коргоо жана жаратылыш ландшафттарын мүмкүн болушунча сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Биздин максат жаратылышка зыян келтирбестен, анын уникалдуулугун сактоо менен туризмди өнүктүрүү. Анткени “Ала-Тоо Резорттун” негизги баалуулугу да дал ушул кыргыз жергесинин кооз жаратылышында”, - деп сөзүн жыйынтыктады кеңешчи.

Долбоордун ийгилиги эмнеден көз каранды?

Ал эми экономист эксперт Нургүл Акимова Кыргызстандын эң чоң атаандаштык артыкчылыгы — тоолору деп эсептейт.

Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?
“Бирок бизде туризм көбүнчө жайкы мезгилге байланып калгандыктан, кышында киреше да, жумуш орундары да азаят. Мындай мезгилдүүлүктү жеңүү үчүн ири, комплекстүү долбоорлор керек. Чакан мейманкана менен туруктуу сапатты, ири агымды жана эл аралык таанымалдыкты камсыз кылуу мүмкүн эмес.
Андыктан, “Ала-Тоо” резорт долбоордун стратегиялык максаты — Кыргызстанды Борбор Азиядагы кышкы жана жыл бою иштеген туристтик багыт катары бекемдөө. Мындан тышкары, курорттун инфраструктурасы менен бирге жолдор, энергетика жана кызмат көрсөтүү тармагы да өнүгөт. Бул Ысык-Көл облусунун башка райондоруна да оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошону менен бирге, долбоордун масштабы чоң болгондуктан, сапаттуу башкаруу жана керектүү турист агымын тартуу иштери туура жүргүзүлүшү керек”, - дейт эксперт.

Ал белгилегендей, экономикалык пайда кирешелер, салыктар, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармагынын өсүшү, ошондой эле инвестиция тартуу сыяктуу бир нече багыттан келет.

“Курорттун өзүнөн тышкары, анын айланасындагы бизнес — мейманканалар, ресторандар, транспорт, жабдуу ижарасы, инструкторлор жана азык-түлүк жеткирүү да мааниге ээ болот. Мейманкана, ресторан жана башка туристтик объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин инвесторлорго ачык онлайн аукцион аркылуу сатуу пландалган. Бул жеке капиталды тартуунун бир жолу”. – деди Акимова.
Жылына 4 млн турист: “Ала-Тоо Резорт” эмнени өзгөртөт?

Эксперт белгилегендей, жергиликтүү калк үчүн долбоордун реалдуу пайдасы бир катар маанилүү шарттардын аткарылышына көз каранды. Биринчиден, түзүлө турган жумуш орундарынын көпчүлүк бөлүгү жергиликтүү тургундарга берилиши. Бул үчүн туризм тармагындагы адистерди, анын ичинде лыжа инструкторлорун, тейлөө жана техникалык кызматкерлерди алдын ала даярдоо зарыл.

Экинчиден, жергиликтүү фермерлердин, үй мейманканаларынын жана чакан ишкерлердин долбоордун тейлөө жана камсыздоо тармагына тартылышына шарт түзүлүшү. Ошондой эле жайыттарды пайдалануу жана жер маселелери ачык-айкын, адилеттүү чечилиши маанилүү. Андыктан жергиликтүү тургундарды долбоорду ишке ашыруунун алгачкы баскычынан тартып тартуу зарыл деп эсептейт ал.

Акимова ошондой эле, Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн туристтер үчүн өлкөгө жетүүнү жеңилдетип, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, жолдорду жакшыртуу жана ыңгайлуу трансфер кызматтарын уюштуруу зарыл экенин айтат.

“Ошондой эле тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыз кылуу, куткаруу жана медициналык кызматтарды күчөтүү, эл аралык талаптарга жооп берген тейлөөнү жолго коюу маанилүү. Туризм тармагына квалификациялуу адистерди даярдап, жайкы мезгилде да туристтерди тартуучу программаларды иштеп чыгуу керек.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жаратылышын, көчмөндөр маданиятын жана Ысык-Көлдүн өзгөчөлүгүн эл аралык деңгээлде таанытуу, экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана инвесторлор үчүн туруктуу шарттарды түзүү зарыл”, - деп белгиледи эксперт.