Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. “Ала-Тоо резорт” тоо-лыжа комплексинде кышкы спорттук оюндар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Ала-Тоо резорт” ААКтын финансы директору Бакытбек Нарбеков билдирди.
Анын айтымында, лыжа тебүү үчүн керектүү жабдуулар сатылып алынып, ижарага берүү борбору уюштурулууда.
“Лыжа тебүүгө керектүү шаймандардын баары сатылып алынган. Алардын катарында лыжа, сноуборд, каска, көз айнек, кол кап жана атайын өтүктөр бар. Мындан тышкары, жабдууларды ижарага берүү борборун уюштуруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле IT-система аркылуу электрондук кезек киргизүү пландалууда.
Ал эми лыжа тебүүчүлөр үчүн трассаларды даярдоодо колдонулуучу Германиянын PistenBully компаниясынын алты техникасы сатылып алынган. Учурда анын төртөө курортко жеткирилди. Мындан тышкары, үч кар унаасы (снегоход) алып келинди.
Жалпылап айтканда, 2-декабрда тарта жарандар дүйнөлүк курорттордо колдонулуучу шаймандар менен лыжа тебе алышат”, - деди директор.