Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт” долбоорунун ишке кириши узак мөөнөттүү экономикалык эффект алып келет. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Сагынбүбү Чолбаева "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын пикиринде, ири долбоорго инвестиция салуунун өзгөчөлүгү мамлекеттик колдоо, салыктык жеңилдиктер, даяр жер тилкелери жана инфраструктуранын бөлүнүшү менен коштолууда.

“Туризм тармагы ар бир аймакта өрүш алгандыктан Нарын, Ош, Баткен, кайсы гана облус болбосун авиакаттам, темир жол жана унаа жолдору жаңыланууда. Анын жардамы менен Ысык-Көлдөгү “Ала-Тоо Резортко” эс алуучулардын келүүсү кыйла өсөт. Бул өз кезегинде такси кызматтарын кошумча жумуш орундары менен камсыздоого шарт түзөт. Мейманкана, пансионат, конок үйлөрү, ошондой эле маданий объектилер жана спорт комплекстеринин курулушу экономиканын башка тармактарын да чоң секирикке алып келет. Туризм тармагын өнүктүрүү экономиканы тышкы жана ички шоктордон коргоо үчүн диверсификациялоого чоң жардам берет”, - деп белгиледи экономист.