Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери Кыргызстанды эл аралык деңгээлдеги тоо туризминин борборуна айландыруу менен экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине экономист Искендер Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, “Ала-Тоо Резорт” төрт мезгилдүү тоо кластери долбоорунун жалпы наркы 1,2 млрд еврого бааланып, 7 миңдей жумуш оруну түзүлөрү болжолдонууда. Жылына 2 миллиондон 4 миллионго чейин туристтерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экономисттин пикиринде, бул кластер аймактын инфраструктурасын өнүктүрүп, жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүп, бүтүндөй өлкөнүн туризм потенциалын жогорулатат.
“Туризм тармагы мейманкана жана ресторан бизнеси, соода, курулуш, айыл чарбасы, тейлөө кызматтары жана кол өнөрчүлүк сыяктуу тармактардын өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, анткени туристтердин агымы бул тармактарда суроо-талапты жаратып, иш орундарын көбөйтөт жана кошумча нарк чынжырын түзөт. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды тартуу менен бүтүндөй экономиканы стимулдаштырат. Кышында гана эмес, башка мезгилдерде да экономиканын өнүгүшү туристтик агымдын туруктуулугун камсыздап, жыл бою жумушчу орундарын сактап, инфраструктураны толук пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жайкы экотуризм, жөө туризм, этнокомплекстер жана башка активдүү эс алуу түрлөрү кирешелерди тең салмакташтырып, жергиликтүү бизнес үчүн үзгүлтүксүз киреше булагын түзүп, региондун жалпы экономикалык туруктуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат”, - деди Шаршеев.
Ири долбоорго инвестиция салуунун өзгөчөлүгү мамлекеттик колдоо, салыктык жеңилдиктер, даяр жер тилкелери жана инфраструктуранын бөлүнүшү менен коштолууда. Мындан улам "Ала-Тоо Резорт” долбоорунун ишке кириши узак мөөнөттүү экономикалык эффектке алып келет.