Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери Кыргызстандын брендин эл аралык рынокто бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын белгилешинче, ири долбоор туризмдин ИДПдагы үлүшүн көтөрүү менен бюджетке салык түшүмүнүн келишин жогорулата алат.

“Туризм — мультипликативдик эффектиси эң жогору тармактардын бири. Курортко келген бир сомдун артынан дагы 2–3 сом башка тармактарда айланат. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары курорттун ашканаларына түз жеткирилет. Булардын көбү жергиликтүү чакан жана орто бизнеске таандык болот, демек киреше аймакта калат. Мындай долбоорлор чет элдик капиталдын келишине жол ачууда. Алгач курортко инвестиция салган чет элдик инвестор кийин Кыргызстандын башка тармактарында да иш алып барууну пландашы мүмкүн. Ошондуктан “Ала-Тоо Резортту” өлкөнүн инвестициялык имиджинин көрсөткүчү катары кароо туура”, - деди Чороев.