Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Айтматов районундагы Үч-Булак айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо маселесин көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда Үч-Булак айылынын тургуну Авазбек Орозбеков бул маселе боюнча 2020-жылдан бери кайрылып келе жатканын билдирди. Анын айтымында, өкмөт менен подряддык уюмдун айылга ичүүчү суу жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүү тууралуу келишиминин мөөнөтү аяктаганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин айылга суу берилген эмес.
Айтматов районунун акими бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү кошумча маалыматтардын келип түшүшүнө байланыштуу Авазбек Орозбековду жеке кабыл аларын айтты.
Президент Садыр Жапаров бул маселе көзөмөлгө алынарын белгилеп, мындай иштер белгиленген мөөнөттөн ашык созулбашы керектигин баса белгиледи.
”Эгер кимдир бирөө каражатты уурдап же өзүнө ыйгарып алган болсо, андан акчаны он эселеп өндүрүү керек”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.