Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун чек арага чектеш 27 айылында ичүүчү суу жана сугат системаларын жакшыртуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер "Мерсико" уюмунун Германия өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган "Тынчтык үчүн суу" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
"Учурда Баткен районунун Паскы-Арык, Самаркандек, Ак-Татыр, Капчыгай жана Көк-Таш айылдарында сугат каналдарын жана ичүүчү суу системаларын жакшыртуу иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Долбоор айыл чарбасын өнүктүрүүгө, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана чек ара аймактарында туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.