Баткенде президентке кайрылган 11 жарандын маселеси каралды

Аймак
Баткенде президентке кайрылган 11 жарандын маселеси каралды
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Баткен облусунда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү иштери уланууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жолу Баткен районунан жана шаарынан кайрылган 11 жарандын көйгөйлөрү каралды.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов башында турган жумушчу топ жарандарды кабыл алып, алардын кайрылууларын тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда талкуулады.

Жыйынтыгында бир катар маселелер жеринде чечилип, калгандарын мыйзам чегинде кароо боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жумушчу топ президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 11-12-октябрында Баткен облусунун тургундары менен жолугушуусунда айтылган көйгөйлөрдү чечүү максатында түзүлгөн.