Президенттик шайлоо: Баткенде даярдык иштери талкууланды

Аймак
Президенттик шайлоо: Баткенде даярдык иштери талкууланды
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Баткен облусунда президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү, шайлоо участкаларын талаптагыдай жабдуу жана коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облустук штабдын 12-ноябрдагы жыйыны облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги алдында өттү.

Президенттик шайлоо: Баткенде даярдык иштери талкууланды

Жыйында райондук жана шаардык штабдардын ишин уюштуруу, шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү, участкаларды электр энергиясы, интернет жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо маселелери каралды.

Ошондой эле шайлоочулардын тизмелерин тактоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүү, биометрикалык каттоодон өтпөгөндөрдү каттоо жана үгүт иштеринин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Бактыбек Токсонбаев шайлоо учурунда мыйзам бузууларга, добуш сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга жол бербөө керектигин белгиледи.