Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Казарман айылында таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолуккан учурда айтылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү жергиликтүү тургундун суроосуна жооп берип жатып белгилегендей, тиешелүү документтер даярдалды, эми тендер өткөрүлөт.
"Акча каражатынын булактары аныкталган. Жаңы жылга чейин тендер өткөрүлөт. Жазында иштер башталса, жылдын биринчи жарымында бүтүп калат. Ал эми канализация тартуу иштерин техникалык тапшырма катары ушул эле долбоорго кошууга аракет кылабыз", - деди ал.