Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Баткен облусунун Совет айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Совет айылында 2 миңге жакын тургун жашайт.
Куруу иштери Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Таза ичүүчү суу менен камсыздоо - аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга да олуттуу салым кошот.