Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүн турукташтыруу үчүн 36,6 млрд сом каржылоо каралган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин 18-сентябрдагы тескемеси менен бекитилген план 57 иш-чараны камтыйт. Анын 32си айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына тиешелүү болуп, бул багытка 29,4 млрд сом каралган.
Иш-чаралар мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү, продукцияны сактоо жана жеткирүү, кайра иштетүү өнөр жайын кеңейтүү, ички рынокту камсыздоо жана бааларды жөнгө салуу багыттарын камтыйт.
Пландын негизги максаты — ички рынокто товарлардын көлөмүн көбөйтүү, өндүрүш чыгымдарын азайтуу жана импортко көз карандылыкты төмөндөтүү.
Белгиленгендей, 2026-жылдын июль айында керектөө баалары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7 пайызга, ал эми январь-июль айларында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга өскөн.
Баалардын өсүшүнө тышкы рыноктогу өзгөрүүлөр, логистикалык чыгымдар, импортко көз карандылык жана өндүрүштүн сезондук өзгөчөлүктөрү таасир этүүдө.