Айылдын берекеси, айымдардын мээнетинде: Аялдардын айыл чарбадагы эмгеги бааланууда

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкон аялдардын эмгегин баалоого арналган "Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай" аттуу улуттук форум өтүүдө.

Иш-чара 2026-жыл — Аял фермерлердин эл аралык жылынын алкагында өтүп, өлкөнүн жети облусунан келген аял фермерлер, айылдык ишкер айымдар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.

Форумдун ачылышын жасаган суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков айымдардын коомдогу ордун жогору баалады.

"Айылдын берекеси, айымдардын мээнетинде дегендей, бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүшүндө айымдардын салымы зор. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөнүн айыл чарба тармагында иштегендердин дээрлик 40 пайызы айымдар. Алар эгин эгип, түшүм жыйнап, мал багат, продукцияны кайра иштетип сатууга алып чыгат. Уюм эгерде айымдардын кирешесинде жана өндүрүмдүүлүгүндө орун алган айырмачылыктар жоюлса, дүйнөлүк ички дүң продукт дээрлик 1 триллион долларга кошумча өсүп, азык-түлүк тартыштыгына дуушар болгон адамдардын саны 45 миллионго азаят деген. Ал эми Кыргызстан бул катарда үлгүлүү боло алат деп ойлойм. Анткени Кыргызстандын айыл чарбасында иштегендердин дээрлик жарымын айымдар түзөт. Тармакта 480 миңге жакын айыл чарба субъекти иш алып барат жана бул чарбалардын ар бир бешинчиси айымдар жетектейт", - деди ал.

Иш-чаранын алкагында ошондой эле аялдардын айыл чарбасындагы ийгиликтүү тажрыйбалары, агробизнести өнүктүрүү, кооперация түзүү, заманбап технологияларды киргизүү жана айылдык аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, айыл чарбасына жана айылдык коомчулуктардын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон аялдарга "Кыргызстан сыймыктанган аялдар" сыйлыгы жана министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылат.

Иш-чара өлкөнүн жети облусунан келген аял фермерлердин эмгегин, ишмердүүлүгүн жана ийгилик тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү жана жарманке менен коштолууда.

Ал эми форумду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму уюштуруп жатат.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында иштегендердин 43,6 пайызын аялдар түзгөн. Ал эми 2025-жылдын 1-январына карата дыйкан (фермер) чарбаларынын 21 пайызына аялдар жетекчилик кылган.