Үй-бүлөнү сактоо менен зомбулукту актоого болбойт − психолог

Маек
Үй-бүлөнү сактоо менен зомбулукту актоого болбойт − психолог
Кабар редакциясы

Үй-бүлөлүк мамилелер өз ара урматтоо, ишеним, жоопкерчилик жана өзүнүн үстүндө иштөөгө даяр болууну талап кылат. Бирок коомдо дагы деле үй-бүлөнү сактап калуу үчүн мамилелер бузулса да, кыйынчылыктарга чыдоо керек деген түшүнүк сакталып келет. Үй-бүлөлүк чыр-чатакты психологиялык зомбулуктан кантип айырмалоо керек жана мында тарбия кандай роль ойнойт? Бул тууралуу “Кабар” агенттигине психолог Акжолтой Аскар маек курду.

— Коомдо үй-бүлөнү сактап калуу үчүн чыдоо керек деген сөздөрдү көп угууга болот. Мындай түшүнүк канчалык туура?

— Бул маселеге бир тараптуу мамиле жасоого болбойт деп ойлойм. Акыркы убакта коомдо аялды гана жабырлануучу, ал эми эркекти агрессор катары көрсөтүү тенденциясы байкалууда. Бирок психологияда ар бир мамилени өз-өзүнчө караш керек. Кээ бир үй-бүлөлөрдө зомбулукту эркек көрсөтсө, башкаларында аялдын өзү манипуляция жасап, басым кылып, эмоционалдык зомбулук көрсөтүшү мүмкүн. Кээде жубайлардын экөө тең өздөрүнүн психологиялык көйгөйлөрүн чечпестен бири-биринин көңүлүн оорутат.

Бирок бир нерсени так белгилеп кетүү керек зомбулук жасаган адам өз аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышы зарыл. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн чыдоо керек деген түшүнүк эч качан зомбулукту актоо үчүн колдонулбашы керек.

— Эмне үчүн адамдар өзүнө кыйынчылык жараткан мамилеге баш ийип жашай беришет?

— Бул маселеде адамдарды эркек же аял экенине карап гана алсыз жана күнөөлүү деп бөлбөө маанилүү. Эмне үчүн адам өзүнө зыян келтирилсе деле, үй-бүлөсүн буза албай чыдап жүрө берерин түшүнүү маанилүү.

Айрым аялдарда өзүн-өзү баалоо төмөн болушу, жалгыздыктан коркуу, балалык кездеги психологиялык травмалар жана эмоционалдык көз карандылык болушу мүмкүн. Мындай көйгөйлөр эркектерде да кездешет. Кээде адам өзүнө тааныш болгон мамиле моделин кайра-кайра тандай берет.

Бирок бул зомбулукка кабылган адам болуп жаткан окуяга күнөөлүү дегенди билдирбейт. Менин кеңешим: эң оболу өз коопсуздугуңузду камсыздаңыз, андан кийин өзүңүздүн психологиялык абалыңызды, тандооңузду жана мамиледеги ролуңузду талдап көрүңүз.

— Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар психологдорго, анын ичинде үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүү үчүн канчалык көп кайрылышат?

— Азыр адамдардын психологияга болгон кызыгуусу өсүүдө. Бирок үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү адис менен талкуулоо тууралуу сөз болгондо, көпчүлүк дагы эле тартынышат. Бизде үйдөгү сырды сыртка чыгарбоо керек деген түшүнүк кеңири жайылган.

Менимче, маселе психологго кайрылууда эмес, адам өзүндө көйгөй бар экенин моюнга ала алабы же жокпу дегенде. Кээде аял күйөөсүн, кээде эркек аялын күнөөлөйт. Бирок экөө тең өздөрүнүн жоопкерчилигин көрө албаса, көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес. Психолог бир тарапты актап, экинчи тарапты күнөөлөө үчүн эмес, мамиледе болуп жаткан процесстерди түшүнүү үчүн керек.

— Түгөйлөр көбүнчө кандай көйгөйлөр менен кайрылышат? Статистика тууралуу айта кетсеңиз

— Өз практикамда адамдардын мамилелерге жана психологиялык маселелерге болгон кызыгуусу өсүп жатканы байкалат. Көбүнчө кызгануу, ишенбестик, таарыныч, бири-бирин укпай коюу, каржылык пикир келишпестиктер, жубайлардын туугандары менен болгон мамилеси жана жоопкерчиликти бөлүштүрө албоо көйгөйлөрү менен кайрылышат.

Эркектер да өздөрүнүн үстүндө иштөөгө даяр. Аялдар кээде күйөөсүн өзгөртөм деген үмүт менен келишет. Мен дайыма айтам: эгер өзүң өзгөрбөй туруп, башка адамды өзгөртүүгө аракет кылсаң, чыр-чатак улана берет. Бирок бул тараптардын жоопкерчилиги дайыма бирдей дегенди билдирбейт. Ар бир адам өз аракеттери үчүн жооп берет.

— Кадимки үй-бүлөлүк пикир келишпестикти психологиялык зомбулуктан кантип айырмалоо керек?

— Кадимки пикир келишпестикте эки адамдын көз карашы дал келбей калышы мүмкүн. Алар талашып-тартышат, таарынышат, кээде үнүн бийик чыгарып сүйлөшөт. Бирок мында бири-бирине болгон сый-урмат жана көйгөйдү чечүүгө болгон каалоо сакталат.

Психологиялык зомбулукта бир адам экинчи адамды системалуу түрдө кемсинтип, көзөмөлдөп, коркутуп жана манипуляциялайт. Мында мындай жүрүм-турум эркектерге гана мүнөздүү деп эсептебеш керек. Аял да эркекке карата ушундай аракеттерди жасай алат.

Негизги белги — бир адам экинчи адамды дайыма коркуу, күнөө сезими жана көз карандылык абалында кармап турганда.

— Үй-бүлөдө, өзгөчө кыргыз менталитетин жана салтын эске алуу менен, адам жеке чегин кантип туура курушу керек?

— Жеке чек — бул айланадагыларды сыйлабастык эмес. Бул өзүнүн кадыр-баркын жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү. Аял да, эркек да жеке чегин коргой билиши керек. Мисалы, жубайынын туугандарын сыйлоо башка, ал эми алардын ар бир талабын аткаруу таптакыр башка нерсе. Күйөөсүн сыйлоо башка, ал эми өз пикиринен баш тартуу да башка.

Ошол эле учурда жеке чек адам каалаганын кыла алат жана башкалардын пикирин укпай койсо болот дегенди билдирбейт. Эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу маанилүү, бирок өзүн жоготуп албоо керек.

— Үй-бүлөлүк атмосфера балдарды тарбиялоого кандай таасир этет?

— Бала үй-бүлө ичиндеги мамилени көрүп чоңоёт. Эгер ата-эне бири-бирин сыйлап, көйгөйлөрдү диалог аркылуу чечсе, бала да ушундай жүрүм-турум моделин үйрөнөт.

Эгер үйдө дайыма кыйкырык, кемсинтүү жана манипуляция болсо, бала муну нормалдуу көрүнүш катары кабыл алышы мүмкүн. Кээде ата-энелер балдар үчүн чогуу жашап жатабыз дешет, бирок бири-бирине баланын көзүнчө жабыр тартууну уланта беришет. Балдар үчүн ата-эненин бир коломтонун астында жашаганы гана эмес, үйдөгү психологиялык атмосфера да маанилүү. Биз балдарды сөз менен гана эмес, жүрүм-турумубуз менен да тарбиялайбыз.

— Жубайлардын ортосундагы баарлашуу канчалык маанилүү? Бири-бирин угууну кантип үйрөнүү керек?

— Үй-бүлөдө бири-бири менен сүйлөшө жана уга билүү абдан маанилүү. Көбүнчө адамдар бири-бирин түшүнбөгөндүктөн эмес, өз ойлорун туура жеткире албагандыктан чыр-чатакка барышат. Бир адам таарынычты көпкө чейин жыйнай бериши мүмкүн, ал эми экинчиси эмне болуп жатканын түшүнбөй да калышы ыктымал. Натыйжада бир күнү майда нерседен улам чоң уруш чыгып кетет.

Бирок сүйлөшүү бирөө сүйлөп, экинчиси унчукпай угуп отурат дегенди билдирбеши керек. Эки тарап тең өз ойлорун айта билиши жана бири-биринин абалын түшүнө билиши керек. Мамиледе ким туура, ким күнөөлүү экенин тактоо эмес, бул көйгөйдү кантип чечсек болот деген суроого жооп издөө маанилүүрөөк.

— Көбүнчө башка адамдан өзгөрүүнү талап кылуудан мурда өзүңдөн баштоо керек деп айтышат. Бул пикирге кандай карайсыз?

— Мен бул принципти колдойм, бирок анын да чектери бар. Өзүңдөн баштоо — бул өз эмоцияларыңды, реакцияларыңды, күтүүлөрүңдү жана жүрүм-турумуңду талдоо дегенди билдирет. Мисалы, эмне үчүн дайыма таарына берем? Эмне үчүн кызганам? Эмне үчүн өз пикиримди ачык айта албайм? Бирок бул башка адамдын туура эмес аракеттерине чыдоо керек дегенди билдирбейт. Айрым адамдар бардык көйгөйлөрү үчүн айланасындагыларды күнөөлөшөт, башкалары тескерисинче, бардык күнөөнү өз мойнуна алышат. Экөө тең туура эмес. Ар бир адам өз сөзү, аракети жана тандоосу үчүн жооп берет. Адам өзүн өзгөртө алат, бирок башка адамдын ордуна өзгөрө албайт.

— Сиздин оюңузча, бекем үй-бүлөнүн негизи эмне?

— Менимче, бекем үй-бүлөнүн негизи — эки адамдын психологиялык жактан жетилгендиги. Сүйүү маанилүү, бирок үй-бүлөнү көп жылдар бою сактап калуу үчүн бир гана сүйүү жетишсиз. Ишеним, урматтоо, жоопкерчилик, сабырдуулук, өз ара түшүнүшүү жана өз эмоцияларын башкара билүү керек. Мындан тышкары, ар бир адам өз катасын моюнга ала билиши шарт. Үй-бүлөдө дайыма бирөө туура, экинчиси күнөөлүү боло бербеши керек.

Бекем үй-бүлө — эч качан урушпаган үй-бүлө эмес. Бул эки адам тең өз кемчиликтерин көрө алган, бири-биринин кадыр-баркын сактап, мамиленин үстүндө иштей алган үй-бүлө.

— Үй-бүлөлүк мамилелер жана зомбулук маселесинде коомго жеткирүүнү каалаган негизги оюңуз?

— Менин негизги позициям — үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү бир тараптуу кароого болбойт. Аялдардын да, эркектердин да психологиялык абалын, тарбиясын, балалык тажрыйбасын жана мамиледеги жүрүм-турумун изилдөө керек. Алсыз көрүнгөн адамды гана аяп, күчтүү көрүнгөн адамдын ички абалын унутуп коюу туура эмес. Бирок эки тарапты тең изилдөө зомбулук үчүн жоопкерчиликти жабырлануучуга жүктөөгө болот дегенди билдирбейт.

Мен үчүн эң маанилүүсү — адамды күнөөлөө эмес, көйгөйдү терең түшүнүп, ар бир адамга өз жоопкерчилигин сезүүгө жардам берүү.