Үй-бүлө институтун бекемдөө, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете электердин санариптик чөйрөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарына айланууда. Бул маселелерди Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 30-октябрда Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы Үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңешменин биринчи жыйынында белгиледи.
Өз сөзүндө Айгүл Жапарова коомдук баалуулуктар өзгөрүп жаткан шартта үй-бүлөгө жана аялдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, үй-бүлөгө кам көрүү менен аялдардын билим алуу, кесиптик жактан өсүү жана өзүн ар тараптуу өнүктүрүү укугун бири-бирине карама-каршы коюуга болбойт.
Ошондой эле биринчи айым үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал зомбулуктан жабыркаган аялдар менен кыздардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабоого, аларга өз убагында укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын кызматташтыгын бекемдөөгө чакырды.
"Келгиле, ар бир аял өз үйүндө өзүн коопсуз сезген, ар бир бала мээримге жана камкордукка бөлөнүп чоңойгон коомду биргеликте куралы", – деп белгиледи Айгүл Жапарова.
Ал Кыргызстанда үй-бүлөлөрдү колдоо чараларынын катарында үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулунун киргизилгенин жана "Менин үйүм" мамлекеттик программасы ишке ашырылып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, биринчи айым шайлоо мыйзамдарында Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын кеминде 30 пайызы аялдар үчүн каралганын эске салды.

Ал өз сөзүндө балдардын санариптик коопсуздугуна да токтолду. Айгүл Жапарова Кыргызстанда кабыл алынган Санарип кодексте жашы жете электердин жеке маалыматтарын коргоого өзгөчө талаптар каралганын белгиледи. Ошол эле учурда бул багытта ата-энелердин ролу чоң экенин, алар балдары менен ишенимдүү мамилени сактап, алардын санариптик мейкиндиктеги жашоосуна кызыгып турушу зарылдыгын айтты.
Үй-бүлө өзгөрүүдө – мамлекеттин мамилеси да өзгөрүүдө
Үй-бүлө коомдун негизги таянычтарынын бири бойдон калууда. Анткени адамдын баалуулуктары, жоопкерчилиги, эмгекке, тарбияга жана өз ара сый-урматка болгон мамилеси дал ушул үй-бүлөдө калыптанат. Ошол эле учурда азыркы үй-бүлө эмгек миграциясынын, экономикалык шарттардын, коомдогу жаңы күтүүлөрдүн жана салттуу ролдордун өзгөрүшүнүн таасиринде өзгөрүп жатат. Мындай процесстер материалдык колдоо көрсөтүү менен гана чектелбестен, үй-бүлөлүк саясатка болгон мамилени да кайра карап чыгууну талап кылат.
Кыргызстанда үй-бүлө институту кандай өзгөрүп жатканы, азыркы үй-бүлөлөр кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканы жана эмне үчүн үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн алдын алуу мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгүнө айланып жатканы тууралуу социолог Нурбек Өмүралиев "Кабар" агенттигине айтып берди.
Социолог Нурбек Өмүралиевдин айтымында, үй-бүлөлүк мамилелердеги өзгөрүүлөрдү кеңири социалдык процесстердин алкагында кароо зарыл. Алардын бири – эмгек миграциясы. Ал үй-бүлөнүн көнүмүш түзүмүнө жана анын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө таасирин тийгизүүдө.

"Ата-энеси акча табуу үчүн чет өлкөгө кеткенде, балдар көбүнчө чоң ата, чоң энесинин же башка туугандарынын кароосунда калышат. Мындай жагдай үй-бүлөнүн көнүмүш түзүмүн өзгөртүп, балдардын тарбиясына, эмоционалдык абалына жана ата-энеси менен болгон мамилесин сактоого өзгөчө көңүл бурууну талап кылат", – деди социолог.
Ошондой эле ал муундар ортосундагы мамиленин өзгөрүшүнө жана үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн жеке чегин сыйлоо зарылдыгына көңүл бурду.
"Бирге жашоо өз ара колдоонун булагы болушу мүмкүн. Бирок үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, анын жеке чеги сыйланышы маанилүү. Бул жерде жоопкерчиликтүү аталык өзгөчө мааниге ээ. Эркектин балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоосуна катышуусу материалдык камсыздоо менен гана чектелбеши керек", – деп баса белгиледи Өмүралиев.
Социолог үй-бүлөлүк чыр-чатактар менен зомбулуктун айырмасына да өзүнчө токтолду.
"Ар кандай мамиледе пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бирок коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайлар, кысым көрсөтүү жана зомбулук өз убагында кийлигишүүнү талап кылат. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири коркунучка кабылып жатса, үй-бүлөнү сактап калуу өзүнчө максатка айланбашы керек", – деп белгиледи ал.
Үй-бүлөнү колдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова үй-бүлө институтун бекемдөө комплекстүү мамилени талап кыларын белгилейт. Бул багытта кыйынчылыкка кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү менен гана чектелбестен, ата-энелердин жана балдардын бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү алгачкы баскычында аныктоо зарыл.

"Үй-бүлөнү бекемдөө кризистик кырдаалга кабылган учурда жардам көрсөтүүнү гана эмес, көйгөйлөрдү эрте аныктоону, ата-энелерди колдоону, социалдык жана психологиялык кызматтарды өнүктүрүүнү да камтышы керек. Бул багытта мектептердин, жергиликтүү коомчулуктардын жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу чоң мааниге ээ. Анткени алдын алуу иштери үй-бүлөдөгү көйгөй кризиске айланганга чейин башталышы зарыл", – деди депутат.
Бул багыттагы негизги иштердин катарына зомбулуктан жабыркаган аялдарды колдоо, аларды реабилитациялык борборлорго жөнөтүү, социалдык жана психологиялык кызматтарды өнүктүрүү кирет. Жардам көрсөтүүнүн багыттарынын бири – "Кучак" долбоору. Ошондой эле балдарды кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, жумуш менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрү, ата-энелерге социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү маселелери да талкууланууда.
Майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө да өзгөчө көңүл бурулууда.
"Зомбулуктан жабыркаган аялдарга, ошондой эле майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алар керектүү жардамды, анын ичинде социалдык, психологиялык жана реабилитациялык кызматтарды өз убагында ала алышы маанилүү", – деп баса белгиледи Баатырова.
Анын маалыматына караганда, Бишкек шаарында 100 балага ылайыкталган "Келечек" реабилитациялык борбору иштейт. Анда 60 орун балдардын күнү-түнү болушуна, калган 40 орун күндүзгү реабилитациядан өтүүсүнө каралган.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-июлунан тартып жеке жардамчылардын кызмат акысы 7 миң 681 сомдон 8 миң 697 сомго чейин көбөйтүлгөн. Үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган демилгелердин катарында төртүнчү жана андан кийинки балдары төрөлгөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдык сунуш да каралууда.
Ошентип, үй-бүлөлүк саясат ата-энелердин материалдык абалынан тартып социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө, реабилитацияга жана балдарды толук кандуу тарбиялоо үчүн шарттарды түзүүгө чейинки кеңири маселелерди камтыйт.
Көйгөйлөргө жооп кайтаруудан алардын алдын алууга өтүү
Үй-бүлө институтунун алдында турган эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири – зомбулук.
Зомбулуктан жабыркагандарды коргоо жана анын алдын алуу боюнча иштерди жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин токтому менен тобокелдиктерди баалоо усулу, убактылуу коргоо ордеринин формасы жана түзөтүү программасынын типтүү үлгүсү бекитилген.

Бул механизмдер жасалган укук бузууларга жооп кайтаруу менен гана чектелбестен, мүмкүн болуучу коркунучтарды өз убагында аныктоого да багытталган. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу агартуу иштерин жүргүзүүнү, өз ара сый-урмат маданиятын калыптандырууну, жоопкерчиликтүү ата-энеликти өнүктүрүүнү жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну камтышы керек.
Үй-бүлө – келечек муундардын бакубат жашоосунун негизи
Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк саясат бир нече өз ара байланышкан багытты камтыйт. Алар – ата-энелерге жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете электерди, анын ичинде санариптик чөйрөдө коргоо.
Кыргызстандын биринчи айымынын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы жыйында сүйлөгөн сөзү, депутаттар менен адистердин ишмердүүлүгү, ошондой эле өлкөнүн балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык форумдарга катышуусу бул маселелерге улуттук жана эл аралык деңгээлде көңүл бурулуп жатканын көрсөтөт.
Ошол эле учурда үй-бүлөлүк саясаттын натыйжалуулугу анын коомдогу реалдуу өзгөрүүлөрдү канчалык эске алганына байланыштуу. Алардын катарына эмгек миграциясы, үй-бүлөлүк милдеттерди бөлүштүрүүнүн жаңы үлгүлөрү, социалдык кызматтарга болгон муктаждык жана зомбулуктун алдын алуунун зарылдыгы кирет.
Мындай саясаттын башкы максаты – балдар коопсуз шартта чоңойгон, аялдар билим алууга жана кесиптик жактан өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алган, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өз укуктарынын сыйланышына, колдоого жана коргоого ишене алган шарттарды түзүү.