Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 30-октябрда Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты.
Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду.
Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого умтулуу ар бир аялга мүнөздүү экенин белгиледи. Кыргызстанда 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын төлөнүүчү “Бала ырысы” жөлөк пулу киргизилип, “Менин үйүм” мамлекеттик программасы иштелип чыккан.
Айгүл Жапарова аялдардын коомдук жана саясий турмушка катышуусун кеңейтүү маселесине да көңүл бурду. Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын кеминде 30 пайызы аялдар үчүн каралганын эске салды.
Сөзүнүн бир бөлүгү үй-бүлөлүк жашоо менен жеке өзүн-өзү ишке ашырууну айкалыштыруу маселесине арналды. Үй-бүлөгө кам көрүү менен аялдын билим алууга, кесиптик жактан өсүүгө жана өнүгүүгө болгон укугун бири-бирине карама-каршы коюуга болбойт.
Биринчи айым үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө жана анын айланасындагы коомдук үн катпоого өзгөчө көңүл бурду. Кайдыгер болбоого, зомбулуктан жабыркаган ар бир аялдын жана кыздын үнүн угууга, аларга өз убагында укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле мүмкүн болуучу кайгылуу кесепеттердин алдын алуу үчүн мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чакырды.
“Ошону менен катар үй-бүлө институтунун баалуулугун кеңири жайылтуу жаатында иш алып баруу зарыл. Келгиле, ар бир аял өз үйүндө өзүн коопсуз сезген, ар бир бала мээримге бөлөнүп чоңойгон коомду биргелешип түзөлү”, - деп баса белгиледи Айгүл Жапарова.
Заманбап маалыматтык чөйрө темасына токтолуп, ал өсүп келе жаткан муунду интернеттеги зыяндуу контенттен коргоо зарылдыгына да көңүл бурду. Тактап айтканда, Кыргызстанда кабыл алынган Санариптик кодекс балдардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча өзгөчө талаптарды карай турганы белгиленди. Ошону менен бирге биринчи айым ата-энелерди жана коомчулукту балдар менен ишенимдүү байланышты сактоого жана алардын санариптик мейкиндигин көзөмөлдөөгө чакырды.
Сөзүнүн соңунда Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тарыхый жана маданий тамырларынын жалпылыгын, ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга карата бирдиктүү мамилесин баса белгиледи. Ал тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелер үй-бүлө институтун чыңдоого жана келечек муундардын бакубаттуулугун камсыз кылууга негиз болот деген ишенимин билдирди.