Бишкек, 05.11.26 /Кабар/. Ош шаарына караштуу Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарындагы 950 үй-бүлө үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, долбоордун алкагында жалпы көлөмү 1 миң куб метр болгон эки суу сактагыч курулуп, 26 чакырым суу түтүгү тартылды. Бүгүн ачылышы онлайн форматта өтүп, ага Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев катышты.
Долбоордун алкагында артезиан суусу 30 метр тереңдиктен чыгарылат. Алгач лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, андан соң насостордун жардамы менен атайын суу сактагычтарга жеткирилет. Курулган эки суу сактагычтын ар биринин сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт.
Сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуулар орнотулган. Тиешелүү тазалоодон өткөндөн кийин суу керектөөчүлөргө берилет.