Бакай-Ата районунда 9 айыл таза суу менен камсыздалды

Аймак
Бакай-Ата районунда 9 айыл таза суу менен камсыздалды
copyright icon WWW

Бишкек, 02.11.26 /Кабар/. Бакай-Ата районунда инженердик жана жол инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бакай-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Анда маалымдалгандай, жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 9 айылды камтыган 163 км узундуктагы таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү.