Караколдо жана 70 айылда таза суу системалары ишке берилди

Министрлер кабинети
891095398_1586504613504689_5573301757643238517_n.jpg
890378141_1586504420171375_5461853799220918944_n.jpg
887092924_1586504053504745_5199247178575001680_n.jpg
886655195_1586504286838055_6119890346907809662_n.jpg
891434850_1586504623504688_5822528058927708374_n.jpg
887924137_1586504316838052_7615237583729518308_n.jpg
886874464_1586504483504702_8731299704968268029_n.jpg
887399828_1586504363504714_1105171039733817985_n.jpg
888792706_1586504580171359_6997469215568785130_n.jpg
887212774_1586504563504694_1109714730806556703_n.jpg
887514968_1586504446838039_2747674315142720390_n.jpg
888832782_1586504376838046_7534393921302306943_n.jpg
888412046_1586504236838060_3086041132108876219_n.jpg
860365746_1586504476838036_8334108175932490848_n.jpg
888280688_1586504520171365_4386371085745038764_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Каракол шаарында өткөн өлкөнүн жети облусунун 70 калктуу конушундагы заманбап тазалоочу курулмалардын жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын салтанаттуу онлайн ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, минкаб төрагасы аталган долбоорлорду ишке ашыруу калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууда, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууда жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү кадам экенин белгиледи.

"Суу – жашоо булагы. Адамдын ден соолугу, үй-бүлөнүн бакубаттуулугу жана коомдун санитардык бакубаттуулугу ичүүчү суунун сапатына түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан калкты таза суу менен камсыз кылуу – бул биринчи кезекте жарандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган мамлекеттик камкордук", – деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатканын белгиледи. Экономикалык өсүштүн жана мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинин эсебинен социалдык чөйрөгө, жолдорду, мектептерди, медициналык мекемелерди, суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу объекттерин курууга инвестициялар кеңейүүдө.

Минкаб төрагасынын айтымында, 2021-жылдан бери ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу системаларын өнүктүрүүгө 567,5 млн доллар инвестиция тартылган. Акыркы беш жылда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор 264 калктуу конушта ишке ашырылып, анын натыйжасында 663 миңден ашуун жаран сапаттуу ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк алды.

Мындан тышкары, өлкөнүн 13 шаарында таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилип, алты шаарда суу чыгаруу системалары модернизацияланды.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында Каракол шаарындагы заманбап тазалоочу курулмалардан тышкары, республиканын жети облусундагы 70 ичүүчү суу менен камсыздоо объекти пайдаланууга берилүүдө. Атап айтканда, 18 объект – Ош облусунда, 11 – Баткен, 13 – Жалал-Абад жана 11 – Нарын облустарында, 8 – Талас жана 5 – Чүй облустарында. Ысык-Көл облусунда Кичи-Өрүктү, Тилекмат жана Кароол-Дөбө айылдарында таза сууга жеткиликтүүлүк камсыздалды.

Жалпысынан аталган долбоорлорду ишке ашыруу 200 миңге жакын жаранды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Ысык-Көл облусунун экологиялык коопсуздугу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал заманбап тазалоочу курулмаларды куруу Ысык-Көл көлүнүн экологиялык бакубаттуулугун сактоо үчүн, ошондой эле аймактын туристтик тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу чөйрөсүн өнүктүрүүгө 5 млрд сомго жакын каражат багытталган. Учурда 11 шаарда жана төрт ири калктуу конушта саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын курулушу улантылууда.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев инфраструктуралык долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруу аймактарды өнүктүрүү жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү экенин белгиледи. Жаңы суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу объекттери жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга, коомдук ден соолукту чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым болот.