Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Баткендин Кулунду айылында таза суу маселеси чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Лейлек районунун жана Баткен районунун тургундары менен жолугушканда белгилүү болду.
Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири мамлекет башчысына аймактагы таза суу көйгөйүн айтып кайрылган. Анын айтымында, тендер өткөнүнө карабастан, Кулунду айылында азыркы күнгө чейин таза суу маселеси чечилбей келет.
Облус башчысы буга аймактагы делимитация жана демаркация иштери себеп болгонун түшүндүрдү.
Өз кезегинде президент Айыл чарба министрлигине кайрылып, бул маселени тез арада чечүүнү жана курулуш иштерин сапаттуу аткарууну тапшырды.