Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара маселесинин чечилиши Баткен облусунда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдеп, аймактын өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Көп жылдар бою чек арадагы чыңалуу шартында жашаган эл үчүн туруктуулук орноп, инфраструктура, турак жай жана социалдык объекттерди куруу, инвестиция тартуу боюнча иштер күчөдү. Мындай өзгөрүүлөр алыскы Зардалы айылына да жетип, жол, электр энергиясы жана байланыш маселелери чечилип, элдин жашоо шарты жакшыра баштады.
Аймактын көп жылдык көйгөйү артта калды
Көп жылдан бери чечилбей келген Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара маселеси президент Садыр Жапаровдун кылдат аракеттери менен чечилип, аймакта тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө жол ачылды. Андагы эң татаал маселелердин бири болгон чек ара боюнча келишимге 2025-жылдын 13-мартында кол коюлду.
Ошол эле күнү төрт жыл жабык турган “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” өткөрмө бекеттери ачылып, элдин каттамы, тууган-урук менен байланыштары жана соода-экономикалык алакалар жанданды.

Мындан тышкары, үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен жерде коңшу элдердин достугун символдоштурган “Достук” стелласы орнотулуп, анын ачылышына Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары онлайн катышты.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылы чек ара тилкесине инженердик тосмолорду орнотуу башталган. Өткөн жылы 149 чакырым 600 метр, быйыл 177 чакырым 900 метр аралыкка зым тартылып, инженердик жабдуу иштери аяктоо алдында турат.
Чек аранын так белгилениши Баткендеги коопсуздукту камсыз кылуу менен катар аймакты өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууга да өбөлгө түзүүдө.
Жаңы айылдар түптөлдү
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында, облустун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашууга байланыштуу тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплекстери курулду.
Баткен районунун Бужум айылындагы Чет-Булак аймагында жайгашкан Жаңы Достук айылында 181 турак жай курулду. Ал эми Лейлек районунун Раззаков жана Максат айылдарында 76 үй салынды. Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунда 257 турак үй курулуп, турак жай комплекстеринде социалдык объекттерди куруу иштери да аяктап жатат.

Заманбап стадион
Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган футбол стадионунун курулушу жүрүүдө. Бул Баткен облусундагы футбол багытындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири.
Стадиондун курулушу аяктаганда облустук жана республикалык деңгээлдеги ири спорттук жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Ипотекалык үйлөр салынууда
“Менин үйүм – 2021–2026” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Баткен шаарында көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курулууда.
Анын ичинде 12 кабаттуу “Асман Резиденс №1” турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Курманжан датка–Алымбек датка көчөлөрүндө, ошондой эле Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө салынып жаткан үйлөрдөгү батирлердин жалпы саны 4 миң 272 батирди түзөт.

Ипотекалык үйлөрдү облустун бардык райондук жана шаардык аймактарында, анын ичинде чек арага жакын айылдарда куруу пландалууда. Бул үчүн жер тилкелери ажыратылып, тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.
Баткенди өнүктүрүүгө төрт жылда 2 млрд сом бөлүндү
Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 500 млн сом бөлүнүүдө. Бул каражат жолдорду оңдоого, таза жана сугат суу менен камсыз кылууга, киреше алып келүүчү өндүрүш ишканаларын жана туристтик объекттерди курууга багытталууда.
Акыркы төрт жылда бул багытта жалпысынан 2 млрд сом бөлүнгөн.
Тышкы инвестиция көбөйдү
Баткендеги чек ара маселесинин чечилиши жана коопсуздуктун камсыздалышы аймакка инвестиция тартууга да шарт түздү.
2021–2023-жылдарга салыштырмалуу 2024–2025-жылдары жана 2026-жылдын биринчи чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү өскөн. Атап айтканда, 2021–2023-жылдары алардын жалпы көлөмү 37,3 млн АКШ долларын түзсө, 2024–2025-жылдары жана 2026-жылдын биринчи чейрегинде 83,2 млн АКШ долларына жеткен. Бул мурунку мезгилге салыштырмалуу 2,2 эсеге көп.

Социалдык жана өнөр жай объекттери көбөйдү
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкөдө ачылган 105 социалдык объекттин ичинен Баткен облусунда 12 объект пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары, облуста төрт өнөр жай объекти ишке кирди. Алардын катарында Ак-Татырдагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех, Кызыл-Кыядагы кургак курулуш аралашмасын өндүрүүчү ишкана, Кадамжай районундагы шагыл майдалоочу цех жана тоо-кен тармагындагы “Тянь-Шань” ишканасы бар.
Чек арадагы күч түзүмдөрүнө шарт түзүлүүдө
Чек арада кызмат өтөгөн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө да тиешелүү шарттарды түзүүгө көңүл бурулууда. Аскер кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылып, материалдык-техникалык база чыңдалып, кызматтык турак жайлар курулууда.
Мындай колдоо чек арадагы стратегиялык мааниге ээ аймактарда кызмат өтөгөндөрдүн иштөөсүнө зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.
Миң-Өрүк – Самаркандек жолу курулууда
Облуста Миң-Өрүк–Самаркандек жолунун курулушу да кызуу жүрүүдө. Узундугу 3,2 чакырым болгон жол Тажикстан менен чектеш аймакта курулуп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Долбоорду 2028-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Анын алкагында дарыянын жана жолдун үстүнөн узундугу 266 метр болгон эстакадалык көпүрө куруу да каралган.
Бул жолдун курулушу чек арага жакын аймактардагы транспорттук байланышты жакшыртып, калктын каттамын жеңилдетүүгө жана аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Зардалыдагы инфраструктуралык өзгөрүүлөр
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиевдин айтымында, акыркы жылдары Зардалы айылында инфраструктура багытында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Айрыкча жол, электр энергиясы жана байланыш маселелери боюнча мурда чечилбей келген көйгөйлөр этап-этабы менен чечиле баштады.
Анын белгилешинче, негизги өзгөрүүлөрдүн бири — Сары-Талаа–Кызыл-Таш–Зардалы автожолунун курулушу. Жалпы узундугу 18 чакырымга жакын болгон жолдун Сары-Талаа–Кызыл-Таш тилкеси кеңейтилсе, Кызыл-Таштан Зардалыга чейинки бөлүгү жаңынан курулган. Ошондой эле Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө салынган.
“Мурда Зардалыга жетүү бир топ татаал болчу. Айрыкча кыш мезгилинде жол жабылып калуу коркунучу жогору эле. Жаңы жолдун курулушу менен айылга унаа менен каттоо кыйла жеңилдеп, транспорттук жеткиликтүүлүк жакшырды”, — деди Данир Иманалиев.

Акимдин айтымында, Зардалынын электр энергиясы менен камсыз болушунда да олуттуу өзгөрүү болду. Буга чейин борборлоштурулган электр энергиясы жок болгон айылдагы үйлөр жана социалдык объектилер азыр автономдуу күн электр станциялары аркылуу электр энергиясы менен камсыздалууда. Айылга 61 комплект күн панели орнотулуп, алардын жалпы кубаттуулугу 306 кВтты түзөт.
Мындан тышкары, айылда мобилдик байланыш жана интернет кызматы да жеткиликтүү болду. Данир Иманалиевдин белгилешинче, бул өзгөрүүлөр Зардалынын жашоочуларына байланыш түзүүгө, интернетти пайдаланууга жана маалымат алууга шарт түздү.
Анын айтымында, инфраструктуранын жакшырышы Зардалынын келечектеги өнүгүүсүнө, анын ичинде туризмди өнүктүрүүгө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Айылдын тоолуу аймагы, кооз жаратылышы жана жылуу суулары туристтерди тартууга шарт түзө алат.
Тынчтык болбосо, турмуштун деңгээлиндеги өзгөрүүлөр да билинбейт
Мамлекеттик ишмер, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкыновдун айтымында, Баткенде акыркы жылдары коопсуздук жана инфраструктура багытында бир топ өзгөрүүлөр болду.

“Буга чейин аймакта көрүнүктүү өзгөрүүлөр болгон эмес. Анткени чек ара маселеси, чек арадагы чыр-чатактар көп болуп, элдин тынч жашоосуна тоскоолдук жаратып келген. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштери аяктоодо. Себеби турмуштун деңгээли кандай гана жогорулабасын, тынчтык болбосо, анын баары билинбей калат”, — деди ал.
Анын белгилешинче, акыркы 2-3 жылда Баткенде капиталдык курулуштар да кыйла көбөйдү. Атап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын долбоорлорунун алкагында миңдеген батирлерди камтыган көп кабаттуу үйлөр курулууда.
“Баткенде мамлекеттик органдардын имараттары да жаңыланып, облус, район жана шаардык деңгээлдеги мекемелер үчүн жаңы имараттар салынып жатат. Мунун баары шаардын көрүнүшүн өзгөртүп, жалпы эле облустун инфраструктурасынын жакшырышына таасир берүүдө. Мурда Баткенде жашап, азыр кайра келип көргөн адамдардан сурасаңыз, бул жерде чоң өзгөрүүлөр болгонун белгилешет”, — деди Хаит Айкынов.
Ал ошондой эле Зардалы айылында акыркы жылдары инфраструктуралык шарттар кыйла жакшырганын белгиледи.

“Зардалы — өзгөчө жаратылышы менен айырмаланган аймак. Аска-зоолордун арасында жылуу жана туздуу суулары бар. Өзүнө гана таандык кооздугу жана өзгөчөлүгү бар.
Акыркы жылдары бул аймакка жол салынып, электр энергиясы жана байланыш жеткирилди. Аска-зоолорду аралап өткөн жолдун курулушу Зардалыга жетүүнү кыйла жеңилдетти. Бул аймактын келечеги кең. Тоолорунда кен байлыктарынан тышкары туризмди өнүктүрүүгө да чоң мүмкүнчүлүк бар”, — деп кошумчалады ал.