Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстанда биринчи жолу Asman Airlines авиакомпаниясынын масштабдуу Open Day иш-чарасы өтүп, анын алкагында борт коштоочуларга жана жерде тейлөө кызматынын кызматкерлерине ачык тандоо уюштурулду.
Бул иш-чара жарандык авиация менен кесиптик келечегин байланыштыргысы келген жүздөгөн каалоочуларды биринчи жолу бир аянтчага чогултту.
Open Day иш-чарасына кызыгуу чынында эле жогору болду: авиакомпанияга жалпысынан 2 500гө жакын анкета келип түштү. Алдын ала тандоонун жыйынтыгы менен бетме-бет этапка 250 талапкер чакырылды. Алардын ичинен борт коштоочу кызмат орундарына 80 талапкер жана жерде тейлөө кызматына иштөө үчүн 20 талапкер тандалып алынат.
Масштабдуу ачык тандоо Asman Airlines авиакомпаниясынын өнүгүүсүнүн жаңы этабына даярдыктын алкагында өткөрүлүп, Airbus учактарынын эсебинен аба кемелеринин паркын кеңейтүү жана 2027-жылы эл аралык каттамдарга чыгууну улантуу пландалууда.
Жаңы кызматкерлер улуттук авиакомпанияны өнүктүрүүгө салым кошо турган жана анын келечектеги эл аралык каттамдарында иштей турган команданын бир бөлүгү болушат.