Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Ички каттамдардагы авиабилеттердин баасына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн суроолоруна жооп иретинде "Асман Эйрлайнс "авиакомпаниясы төмөнкүлөрдү билдирет.
Авиациялык күйүүчү майдын баасынын өсүшү
2026-жылдын башынан бери ички каттамдар үчүн авиациялык күйүүчү майдын баасы КНСти эске алуу менен 95,7%га, башкача айтканда, дээрлик эки эсеге өстү. Бүгүнкү күндө анын баасы биздин каттамдар аткарылган үч аэропорттун бардыгында бирдей.
Авиакомпаниянын операциялык чыгымдарындагы күйүүчү майдын үлүшү жыл башындагы 60%дан 73%га чейин өстү. Ошондой эле аба кемелерин техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар жана экономикадагы баалардын жалпы деңгээли жогорулады.
Буга карабастан, 2026-жылдын 1-августунан тартып тарифтер эки гана багытта өзгөртүлүп, максималдуу өсүш 1000 сомду түздү: Бишкек-Ош-Бишкек каттамында бир тарапка максималдуу тариф 6500 сомду, ал эми Бишкек-Манас-Бишкек каттамында бир тарапка максималдуу тариф 5000 сомду түзөт. Калган багыттарда тарифтер өзгөрүүсүз сакталды.
Аймактык каттамдар
Бишкек-Талас, Бишкек-Нарын, Бишкек-Казарман, Бишкек-Кербен, Бишкек-Баткен, Бишкек-Раззаков, Бишкек-Каракол жана Ош-Каракол багыттары социалдык жана дотациялык каттамдар болуп саналат.
Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн саны жакшы болгон учурда да авиакомпания үчүн зыян алып келет. Ошого карабастан, авиакомпания аймактарды өнүктүрүү жана жарандар үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында мамлекеттик субсидиялоо программасынын колдоосу менен бул каттамдарды аткарууну улантууда.
Ошондуктан бул багыттардагы тарифтерди аралыктары окшош болгон күндө да коммерциялык каттамдардагы тарифтер менен түздөн-түз салыштырууга болбойт.
Билетти кантип үнөмдүү сатып алууга болот
Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас багыттарында үч деңгээлдүү тарифтик система колдонулат. Билетти алдын ала брондоп сатып алган учурда анын баасы 4100 сомдон башталат.
Эгер сизден орун үчүн кошумча акы талап кылынса же коррупциялык мүнөздөгү башка фактыларга күбө болсоңуз, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алган кызматтык номерге: +996 550 527 070 кабарлоону суранабыз.
Кайрылууда рейстин датасын жана номерин, билет сатып алынган жерди жана окуянын жагдайларын көрсөтүңүз. Ар бир кайрылуу каралат.
Расмий каналдар: www.asmanairlines.kg сайты, Asman Airlines тиркемеси, WhatsApp: +996 999 251 600.