Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигинин учурулушу өлкө үчүн маанилүү кадам. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору, техника илимдеринин кандидаты Акылбек Чымыров билдирди.
Анын айтымында, спутниктик технологияларды өнүктүрүү мамлекеттик коопсуздук, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу сыяктуу бир катар тармактар үчүн зарыл.
“Бул — Кыргызстан үчүн абдан жакшы көрүнүш. Айрыкча улуттук спутниктин болушу мамлекеттик коопсуздук жагынан маанилүү. Башка өлкөлөрдөн спутниктик маалыматтарды сатып алууга болот, бирок айрым учурларда, өзгөчө коопсуздукка байланыштуу маселелерде, мындай маалыматтар жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан өзүнүн спутнигине ээ болуу өлкө үчүн чоң мааниге ээ”, — деди ал.
Чымыров спутниктен алынган маалыматтарды айыл чарбасында, жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөөдө, климаттын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүдө жана табигый кырсыктардын алдын алууда натыйжалуу пайдаланууга болорун белгиледи.
Ал мындан ары бул багытты улантып, өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады.
“Спутникти учургандан кийин бул тармакта адистерди даярдоо, аны башкаруу, алынган космостук маалыматтарды иштетүү жана аларды өлкөнүн керегине пайдалануу боюнча өзүнчө багыттарды өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыгат.
Биздин окуу жай 2-3 жылдан бери космостук жана аэрокосмостук багыттарды өнүктүрүү, студенттерди жана адистерди даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Университетте спутниктен алынган маалыматтарды иштетүү жана пайдалануу боюнча тиешелүү адистиктерде студенттер жана магистранттар билим алып жатышат”, — деп кошумчалады ал.