Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 23-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу диаметри 400 мм болгон түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Чектөө Айни, Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспекти менен чектелген аймакка тиешелүү.

Бул аймакта турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу берүү токтотулат.
Ишкана тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.