Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 2028-жылга чейин мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн толук чечүү максаты коюлган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун эли менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы андан кийин негизги көңүл бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн курууга жана жаңылоого буруларын белгиледи.