Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан 1200 орундуу №55 мектептин жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын ичин тазалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланган.
Жалпы аянты 5580 чарчы метрди түзгөн мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана эл аралык стандарттарга жооп берген спорт зал каралган.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын февраль айында Бишкекте 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Алардын 10у жаңы окуу жылынын башталышында пайдаланууга берилген.