Кыргызстанда 14–20-октябрда аба ырайы кандай болот?

Коом 13 октябрь 2026 17:55
Кыргызстанда 14–20-октябрда аба ырайы кандай болот?
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Кыргызстанда 14–20-октябрда күтүлгөн аба ырайынын божомолун чыгарды. Анда белгиленгендей, өлкөдө өзгөрмөлүү аба ырайы күтүлөт.

Чүй жана Талас облустарында 14–18-октябрда, ошондой эле 19-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 19-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 20-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 14-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 15-октябрда Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. 16–18-октябрда, 19-октябрга караган түнү жана 20-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында

14-октябрда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар, ал эми Нарында күндүз жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-октябрда эки облуста тең жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 16–18-октябрда жана 19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

20-октябрда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарында жаан-чачын болбойт.