Күздүн өңү - өмүрдүн өңү

Коом
Күздүн өңү - өмүрдүн өңү
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26 /Кабар/ Күз — табияттын кооз өңгө боёлгон мезгили. Бишкектин көчөлөрү менен сейил бактары сары, алтын жана кызгылт сары түскө бөлөнүп, шаарга башкача көрк тартуулайт.

Бул мезгилде табият гана эмес, адамдардын маанайы, кийим тандоосу, күнүмдүк жашоосу да күздүн өңүнө шайкеш келгендей сезилет.

Күндүн жарык убактысы кыскаргандыктан, жалбырактарга жашыл түс берген хлорофилл азайып, анын ордуна мурда жашыл түстүн артында билинбей турган сары жана кызгылт сары пигменттер даана көрүнөт.

Башкача айтканда, күз жалбырактардын түсүн өзгөртпөйт, алардын жашыл түсүнүн артындагы алтын өңүн ачат.

Ар бир жалбырактын өзүнө гана таандык формасы, түсү жана көркү бар.

Ноябрь айынын башы быйыл адаттагыдан жылуу. Бульварда күндүн нуруна жылынып, жагымдуу аба ырайынан ырахат алган бишкектиктер.

Күздүн күнүнө көрк кошкон тыйын чычкандар. Алар чээнге кирбей тургандыктан, бул мезгилде азык-түлүк чогултуп, кышка камылга кылышат.

Бул убакта адамдардын кийим тандоосуна да табиятка үндөшөт. Психологдор күрөң, сары, кызгылт түстөр адамга жайлуулук, тынчтык жана жылуулук сезимин тартуулайт дешет.

Күзүндө каргалар да өз ордун тапканга аракет кылып, суук түшкөндө да шаардан алыстабай, азык издеп, топ болуп жүрүшөт.

Жайында адамдардын эс алуучу жайы болгон столдор эми бош. Анын үстүн саргайган жалбырактар ээледи.

Ар бир мезгилдин өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар, күз болсо аны түркүн түстөрү менен көрсөтөт.