Бишкек күзгү кооздукка бөлөнүп, түркүн түскө боёлду. Дарактардын сары, кызыл, жашыл жалбырактары жерге төшөлүп, салкын аба борбор калаага өзгөчө көрк тартуулап жаткан учуру.
Күз — жаратылыштын эң кооз мезгилдеринин бири. Бул учурда сейил бактар тынчтыктын, жылуулуктун жана кооздуктун өзгөчө маанайын тартуулайт. Шаар тургундары менен коноктору таза абада сейилдеп, күздүн ажайып көрүнүштөрүнө күбө боло алышат.
"Кабар" агенттиги кереметтүү күз мезгили чагылдырылган сүрөттөрдү сунуштайт.