Жаан жаап, тоолорго кар түшөт: Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом
Жаан жаап, тоолорго кар түшөт: Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин өлкөнүн аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.

Анда белгиленгендей, 6-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 11-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Чүй жана Талас облустарында

Чүй жана Талас облустарында 6-9-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-ноябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

11-ноябрда эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. 12-ноябрда да түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 6-8-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-10-ноябрларда айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

11-ноябрда үч облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт.

12-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 7-10-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-ноябрда Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

11-ноябрда эки облустун айрым жерлеринде жаан, кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. 12-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.