Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 3-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл облусунда +9...+14, Нарын облусунда +8...+13 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +17...+19 градуска көтөрүлөт.