29-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом
29-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 29-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткен облусунда +15...+20, Нарын облусунда +10...+15 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында +12...+14 градуска жетет.