Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 27-31-октябрларда жана 1-2-ноябрларда күтүлгөн аба-ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, борбор калаада аталган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
27-октябрь: түнкүсүн 0…-2 күндүз 14…16
28-октябрь: түнкүсүн 0…2 күндүз 15…17
29-октябрь: түнкүсүн 1…3 күндүз 16…18
30-октябрь: түнкүсүн 2…4 күндүз 15…17
31-октябрь: түнкүсүн 3…5 күндүз 16…18
1-ноябрь: түнкүсүн 3…5 күндүз 17…19
2-ноябрь: түнкүсүн 4…6 күндүз 17…19