27-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом
27-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 27-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +12...+17, Талас, Нарын облусунда +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл облусунда +10...+15 градусту көрсөтөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы+14...+16 градус жылуу болот.