23-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом
23-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 23-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Талас облсунда +9...+14, Ысык-Көл облусунда +8...+13, Нарын облусунда +13...+18 болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +9...+11 градус болот.