Кыргызстанга алты жылда 5,9 млрд доллар инвестиция тартылды

Экономика
Кыргызстанга алты жылда 5,9 млрд доллар инвестиция тартылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

2020–2025-жылдары Кыргызстанга жалпы суммасы 5,9 млрд долларды түзгөн тике чет өлкөлүк инвестиция тартылды. 2025-жылы анын көлөмү 1,3 млрд доллардан ашып, 2020-жылга салыштырмалуу 143,9%га өстү. Өлкөгө инвестиция тартуунун артыкчылыктуу багыттары, ири долбоорлор жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров айтып берди.

Инвестициялардын көлөмү өсүүдө

Равшанбек Сабировдун айтымында, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 709,9 млн долларлык тике чет өлкөлүк инвестиция тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2%га көбөйгөн.

Акыркы алты жылда өлкөгө инвестиция салган негизги мамлекеттердин катарына Кытай, Россия, КМШ өлкөлөрү жана Түркия кирет.

2020-жылы Кыргызстанга 537,6 млн долларлык тике чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 1,3 млрд доллардан ашкан.

Инвестициялардын тармактар боюнча бөлүштүрүлүшүндө да өзгөрүүлөр байкалат. 2020-жылы кайра иштетүү өнөр жайына 259 млн доллар, пайдалуу кендерди казууга 80 млн доллар, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикке 59 млн доллар инвестиция салынган.

2025-жылы кайра иштетүү өнөр жайына 618 млн доллар, пайдалуу кендерди казууга 246 млн доллар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна 142 млн доллар багытталган.

Негизги капиталга салынган инвестициялар

2025-жылы негизги капиталга салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 374,6 млрд сомду түзгөн. Анын 295,7 млрд сому ички, 78,9 млрд сому тышкы каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалган.

Тармактар боюнча транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагына 65,5 млрд сом, пайдалуу кендерди казууга 29,4 млрд сом, энергетикага 22 млрд сом, кайра иштетүү өнөр жайына 19,2 млрд сом багытталган.

2020-жылы негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 123,3 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 374,6 млрд сомго жеткен. Бул беш жыл ичинде көрсөткүч 203,8%га өскөнүн билдирет.

Инвестиция тартуунун артыкчылыктуу багыттары

Равшанбек Сабиров белгилегендей, Кыргызстанда инвестиция тартуу үчүн жашыл энергетика, тоо-кен казып алуу, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай, туризм, агроөнөр жай комплекси, шаардык инфраструктура жана санариптик экономика тармактарында мүмкүнчүлүктөр бар.

Мындан тышкары, жасалма интеллект, блокчейн технологиялары, виртуалдык активдер жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү да келечектүү багыттардын катарына кирет.

Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жана электр энергиясынын салыштырмалуу жеткиликтүү баасы өнөр жайды, кайра иштетүү өндүрүшүн жана маалыматтарды иштетүү борборлорун өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчөлүгү, ошондой эле Европа биримдиги менен болгон преференциалдуу соода режимдери инвесторлор үчүн кеңири рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, бул рыноктор 800 миллиондон ашык керектөөчүнү камтыйт.

Өлкөдө иштеп жаткан беш эркин экономикалык аймак, салыктык жана бажылык жеңилдиктер, капиталдын эркин кыймылына байланышкан шарттар да инвестиция тартууга багытталган механизмдердин катарына кирет.

Ири долбоорлор жана инвестициялык макулдашуулар

Кыргызстанда транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө, энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Алардын катарына Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи, CASA-1000 долбоору жана “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин өнүктүрүү кирет.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталса, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана CASA-1000 долбоору энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого багытталган. Ал эми “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин өнүктүрүү туристтик инфраструктураны кеңейтүүнү көздөйт.

Ошондой эле “Асман Сити” шаарын куруу жана англис укугунун негизинде иштеген “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү демилгелери инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Равшанбек Сабировдун маалыматына ылайык, акыркы үч жылда жалпы суммасы 11,8 млрд долларды түзгөн 88 инвестициялык макулдашууга кол коюлган. Ал эми 2026-жылдын башынан бери 3 млрд долларлык 29 макулдашуу түзүлүп, жаңы долбоорлордун инвестициялык портфели 23 млрд долларга жеткен.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инфраструктура, энергетика, социалдык чөйрө жана аймактарды өнүктүрүү багыттарында жалпы суммасы 475 млрд сомдон ашкан 100дөн ашык долбоор ишке ашырылууда.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана жергиликтүү бюджеттердин киреше булактарын кеңейтүүгө багытталган.

Инвесторлор үчүн шарттар жакшыртылууда

Равшанбек Сабировдун айтымында, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө инвестициялык саясатты жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташуу жана алардын укуктарын коргоо багытында иш алып барат. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүүгө жана экспортту илгерилетүүгө катышат.

Инвестициялык климатты жакшыртуу максатында инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана венчурдук каржылоо боюнча мыйзамдар кабыл алынган. Алар инвестицияларды коргоого, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана жаңы долбоорлорду каржылоого шарт түзүүгө багытталган.

Инвестициялык долбоорлорду коштоо, эл аралык финансылык институттар менен кызматташуу жана аймактардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы механизмдердин бири болуп саналат. Анын алкагында мамлекеттик органдар менен жеке сектордун кызматташуусу аркылуу жаңы объектилерди куруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу каралган.

Мындан тышкары, инвесторлордун суроолоруна жооп берүү, инвестициялык долбоорлор боюнча маалыматтарды жеткирүү жана мамлекеттик органдар менен байланышты жеңилдетүү үчүн санариптик кызматтар өнүктүрүлүүдө.

Инвесторлор үчүн инвестициялык портал, “AI-Инвест” чат-боту жана өлкөнүн аймактарын камтыган интерактивдүү карта иштейт. “АИС Инвестиции” автоматташтырылган маалыматтык системасы инвесторлорду, мамлекеттик органдарды жана аймактарды бирдиктүү платформага бириктирип, “бир терезе” принциби боюнча кызмат көрсөтөт. Платформа аркылуу инвесторлор маалыматты 30 тилде ала алышат.

Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркы да IT-компаниялар үчүн өзгөчө салыктык шарттарды сунуштайт. Анын катышуучулары үчүн бирдиктүү киреше салыгынын өлчөмү 5%ды түзөт.

Өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүшү, анын ичинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы мүчөлүгүнө шайланышы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн факторлордун катарына кирет. Мындан тышкары, Кыргызстандын Европа биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыгарылышы да өлкөнүн эл аралык байланыштары үчүн маанилүү окуя болду.

Инвестициялардын өсүшү эмнени билдирет?

Экономист-серепчи Кеңешбек Алымбековдун айтымында, акыркы беш-алты жылда Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жана инвестициялык климатын баалоодогу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

“Инвестиция экономиканын оң өнүгүшүн түздөн-түз чагылдырган көрсөткүч болуп саналат. Акыркы беш-алты жылда Кыргызстанга келген чет элдик инвестициялардын көлөмү жылдан жылга өсүп жатканын байкоого болот. Бул — олуттуу жетишкендик”, — деди ал.

Эксперттин пикиринде, инвестициялардын реалдуу экономикага багытталышы өндүрүштүн өнүгүшүнө, экономикалык активдүүлүктүн жогорулашына жана калктын жашоо шарттарынын жакшырышына өбөлгө түзөт.

“Ар бир инвестор өзүнүн пайдасын көздөйт. Эгерде өлкөдө ишкердик жүргүзүүгө жагымдуу шарттар түзүлсө, инвесторлордун кызыгуусу артып, инвестициянын көлөмү да көбөйөт. Кыргызстанда акыркы жылдары инвестициялардын өсүшү инвестициялык климаттын жакшырганын көрсөтүп турат”, — деп эсептейт Кеңешбек Алымбеков.