Жаңы Кыргызстан: Дипломатиялык жана экономикалык секирикти кантип сактап калабыз?

Аналитика 9 сентябрь 2026 18:20
Жаңы Кыргызстан: Дипломатиялык жана экономикалык секирикти кантип сактап калабыз?
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Акыркы беш жылдыкта Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкты. Экономикалык секирик, ИДПнын жогору баалануусу, эл аралык аренадагы ири дипломатиялык ийгиликтер Кыргызстанды дүйнөгө жаңы түстө көрсөтө баштады. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышында өлкөнүн учурдагы өнүгүү ыргагын, алдыга багыт алган жүрүшүн өз деңгээлинде кармап улантуу милдет экенин белгиледи. Ошондой эле санарип заманындагы айрым тенденцияларга, маалымат коопсуздугуна көңүл бурду. Кыргызстан көздөгөн багытындагы жолду жаңы дем менен улантууга киришти. Эң негизгиси ушул кезге чейин жетишилген ийгиликтердин ыргагын бузбай алып кетүү керек. Бийлик бутактары пикир келишпестиктерге жол бербей жана куру популизмге алдырбай бир бүтүндөй иштөөсү керек. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин трибунасынан жаңы дайындалып келген министрлерге жана эс алуудан чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкөнүн мындан аркы өнүгүү багытын белгилеп берди.

Биринчиден, акыркы жылдары Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычында келе жатат. Акыркы төрт жылда орточо жылдык өсүү 10,2%ды түзсө, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен ИДПнын реалдуу өсүшү 11,1%га жеткен. Мамлекет башчысы муну дүйнөдөгү эң жогорку темптердин бири катары белгиледи. Кыргызстан ушуну менен токтоп калбайт. Алдыда дагы да бийик максаттар бар.

Экинчиден, өлкөнүн тышкы саясаттагы позициясы бекемделди. Мындан ары эл аралык коомчулук Кыргызстанды жаңы деңгээлде кабыл ала баштады. Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммити жана “ШКУ+” жогорку деңгээлдеги жолугушуусу, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик, Пакистандын премьер-министринин расмий сапары, Көчмөндөр оюндарынын дүйнөнү дүңгүрөткөн ийгилиги Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына, дүйнөлүк жана регионалдык процесстердеги ордуна таасир этти.

“Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде, жаңы түстө көрө баштады. Өлкөбүзгө болгон кызыгуу жана ишеним артууда. Демек, Кыргызстанга болгон эл аралык көңүл мындан ары дагы күчөйт. Бул – биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик”, - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент коомдук-саясий абалды курчуткан, интернет аркылуу элди козуткан манипуляцияларга карата мамлекеттин позициясын дагы бир жолу эскертти. Жалган маалыматтарды таратып элдин башын айландыргандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөт. Өлкөдөгү тынчтык, элдин ынтымагы жана мамлекеттеги туруктуулуктун баасын коомчулук акыркы жылдары жакшы түшүнүп калды. Анын үстүнө биздин өлкө саясий тирешүүлөрдүн, бөлүнүп-жарылуулардын жана туруксуздуктун азабын көп эле тартты.

“Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек! Бүгүнкү күндө, интернеттин заманы күч алган маалда маалыматтарды иргебей, алардын кийинки кесепеттерин эске албай жайылтуу кадимки көрүнүшкө айланып баратканы өкүндүрөт. “Кой аксагы менен миң” дейбиз. “Котур ташын койнуна катып алып”, жакшы иштерден дагы кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли. Интернетке жалган пикир жазып, эл көзүнө көрүнүп, аккаунтуна катталуучу топтогон жарандарды, ошол акылын, ошол убакытын, ошол күч-кубаттарын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшоого чакырар элем”, - деди президент Садыр Жапаров.

Философия илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Акматалиев президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактардагы тенденциялар боюнча айткан пикири маанилүү экенин белгиледи.

“Президенттин Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөгөн сөзүндө абдан маанилүү нерсе айтылды. Бул интернетте жазылган пикирлер, чакырыктардын коомго болгон таасири туурасындагы пикир. Тилекке каршы соцтармактын табияты ушундай болуп калды. Алардын айтканы, дегени ынтымакка, өнүгүүгө чакырбай эле, өзүнүн колдоочуларын, катталуучуларын көбөйтүү максатында болууда. Бул үчүн ынгайлуу жана таасирдүү ыкма катары белгилүү адамдарга тийишип, мазактап, өздүгүнө өтүп, ошонун негизинде ачуу сөздөрдү айтуу менен хайп кармап таанылып, акча табууну көздөгөн тенденция байкалып жатат.
Интернет айдыңындагы сөздөр бери дегенде 2-3 критерийге сөзсүз төп келиши керек. Биринчиден, эгер кандайдыр бир нерсени байкап жатсаң, аны далилдеп, хайп эмес проблеманын өзүн көтөрүп, сунуш айтылышы керек. Экинчиден чакырыктар, ар кыл сөздөр коомдук жана саясий абалды курчутпаш керек. Улуттар аралык, аймактык кастык болбошу керек. Уруучулукка жол берилбеши керек. Үчүнчүдөн, интернетте чыгып сүйлөгөнгө, сунуш бергенге укук бар. Бирок аны менен кошо жоопкерчилик да бар экенин ар бир жаран эске алуусу зарыл. Өлкө башчы өзү да “мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупциялык окуяларды далилденген фактылар менен алып чыксаңар мага жардам берген болосуңар” деп айтып жатпайбы. Бул маанилүү ишарат”, - деди Алмазбек Акматалиев.

Кыргызстандын жетишкендиктерин, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жогорку деңгээлде өткөргөнүн, дүйнөлүк лидерлердин эки тараптуу сүйлөшүүлөр үчүн аянт түзүп бергенин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жараткан ийгиликти ар кыл көз караштагы жана пикирдеги тараптар да колдоп жатышат. Бул туурасында экономика илимдеринин доктору Чолпон Алкадырова “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Экономист эң негизгиси бийлик көрсөтүп жаткан жыйынтык экенин, ал эми жыйынтык туруктуулук болгон жерде гана жараларын белгиледи.

“Кандай гана иштер болбосун башкы шарт - туруктуулук. “Акча тынчтыкты сүйөт” деген жакшы сөз бар. Кандай гана коммерциялык жана бизнес чөйрөсү болбосун алар салган инвестицияларын, кирешелерин пландагандай алуусу үчүн туруктуулук керек. Кандайдыр бир саясий туруксуздуктар, экономикалык туруксуздуктар, форс-мажор кырдаалдар сөзсүз экономикага терс таасирин тийгизет. Ошондуктан президент туура эле айтып жатат. Биз тажрыйбабызда дээрлик үч төңкөрүштү көрдүк. Ар биринде экономикабыз артка кетип жатты. Аны кайра калыбына келтирип, абалкы көрсөткүчкө жеткирүүдө убакыттан уттурдук. Туруктуулук болбосо эч качан экономикалык өсүш болбойт.
Эң негизгиси бийлик жыйынтык көрсөтүүсү керек. Жыйынтык болсо эле сөзгө алынып кетет. Мына Кыргызстанда болуп өткөн акыркы эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардан кийин бийликти оппозициядагылар да мактап жатышат. Бир кездерде кайсы бир белгилүү себептер менен бизнеске кысым күчөп кетти эле, ал жагы да жөнгө салынып, калыбына келтирилди. Мына ушундай акыйкаттык жана жыйынтык керек”, - деди Чолпон Алкадырова.