Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире алат – Акылбек Жапаров менен маек

Маек 7 октябрь 2026 13:10
Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире алат – Акылбек Жапаров менен маек
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан ушул тапта өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн арасында жалпы дүйнө жүзү боюнча жакшы орундарга чыгууда. Бирок, президент биздин өлкөнү “өнүккөн мамлекеттердин катарына киргизүү керек” деген тапшырма койгон. Бул үчүн экономиканын көлөмүн эселеп көбөйтүү зарыл жана ага мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү жетет. Бул туурасында белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн пайдубал түзүлгөнүн, ал эми кыргызстандыктар эл катары да, өкмөт катары да иштей аларын далилдеп жатканын белгиледи.

— Акылбек Үсөнбекович президент Садыр Жапаров "Бишкек Аренанын" расмий ачылуу аземинде маанилүү бир жагдайды белгиледи. Акыркы жылдардагы өзгөрүүлөргө кыскача токтолуп, алдыда да тынчтык жана ынтымак болсо экономика өсө береринен үмүт артты. Эгер ушул темп менен кете турган болсо, алдыда Кыргызстанды эмне күтүп турат деп айтат элеңиз?

— Бул темптен жазбашыбыз керек. 2030-жылга чейин экономикабыз 8-10 пайыздын терегинде өсүп турушу зарыл. Ошондо биз “илбирс секиригине” даяр болобуз. Бул концепция негизинен 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы менен тыгыз байланышкан жана узак мөөнөттүү келечекте 2050-жылга чейинки стратегиялык максаттарды камтыйт. Биз 2030-2050-жылдар аралыгында 6-8 пайыздык өсүштү камсыздап турушубуз шарт.

Азыркы бизге келип жаткан чет элдик түз инвестициялардын көлөмүн сактаганга аракет кылып, алдыга койгон максатыбызга жетүүгө жол алышыбыз керек. Бул жолдогу негизги шарт, туруктуулук жана ынтымак. Учурда биз өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн арасында жалпы дүйнө жүзү боюнча жакшы орундарга чыгып жатабыз. Бирок президент “Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн арасына киришибиз керек” деген тапшырма койгон. Өнүккөн мамлекеттердин арасына кириш үчүн биздин ар бир жараныбызга жылына ИДПнын үлүшү жок дегенде 20 миң доллар туура келиши керек. Ал үчүн ИДПнын жылдык көлөмү 200-250 млрд долларга чейин жетиши зарыл. Ошондо биз жоон орто катмардагы өнүккөн өлкөлөргө кошулабыз.

Буга мумкүнчүлүктөр барбы? Бар! База түзүлдү. Иштей ала турганыбызды кыргыздар эл катары да, өкмөт катары да, бизге келип жаткан инвесторлор катары да көрсөтүп жатышат. Эгерде ынтымак болуп туура жолдо экономиканы туура башкарсак, инфляцияны ооздуктап, макроэкономикалык саясат профессионалдуу жүргүзүлсө, кирешелерибиз менен чыгашаларыбызды эффективдүү пайдалансак биз дагы 2050-жылга чейин жоон орто топтогу өнүгүп калган өлкөлөргө кошулабыз

— 2030-жылга чейин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтөрү күтүлүүдө. Экономиканын өсүшүнө салымы канчалык болот?

— Белгилеп кетейин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп бүтүп ишке кирердин алдында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы “Бедел” унаа өткөрүү пункту иштей баштайт. Демек, Кыргызстандан өтө турган товардын көлөмдөрү кескин түрдө көбөйөт.

Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бүтсө биздин экономикабыздын нугу түп-тамыры менен өзгөрөт. Биз жөн эле 350 км жерден канча вагон өтүп жатат деп санап отура бербестен, темир жолдун тегерегинде жаңы инфраструктура түзүшүбүз керек. Кытай океанга окшош эбегейсиз экенин айтып эле жүрөм. Биздики кургак порт болушу керек. Бул үчүн Кыргызстанда салык иштери ачык-айкын жүргүзүлүп, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу зарыл. Мисалы, Сингапур кантип өнүгүп кетти? Бул өлкөдөн шектүү, көмүскө импорт өтпөйт. Төлөмдөрдүн баары көрүнүп турган таза товардык агым бар, акчанын агымы да таза болушу керек. Чындыгында, өнүккөн сайын көмүскө айлануудан арылуу зарыл.

— Акылбек Үсөнбекович, мен 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө гана кенен билет экенмин. Сиз жогоруда жакынкы горизонт эле эмес, узак мөөнөттүү 2050-жылга чейинки пландар туурасында сөз кылдыңыз.

— Ооба, өлкө болгондон кийинки биздин пландарыбыз жок дегенде алдыңкы 20-30 жылга белгилениши керек. Өлкөнүн өнүгүүсү саясий убакыт менен дал келбеши керек. Өлкөнүн алдыга илгерилөөсү 20-30-50 жылга пландалса гана туруктуу өнүгүү жолу менен кетебиз. Ошондуктан өлкөнүн өнүгүү курсу ондогон жыл алдыдагы пландарды эске алуу менен калыптанып илгерилеши керек. Бул жагынан алганда, бизде пландардын баары түзүлгөн. Пландар улам такталып, өкмөттөр улам кийинкисине өткөрүп берет. Мезгил тогошкон сайын өлкө кайсы баскычта болору так белгиленип, пландан кайтып артка кетпешибиз керек.

— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!